Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 18-марты № 86-б
Караханий мамлекетинин борбору - Баласагын шаарынын жана 1000 жылдык юбилейине жана Жусуп Баласагындын юбилейине арналган иш-чараларды даярдык көрүү жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети бекитилсин:
Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-минист ри, уюштуруу комитетинин төрайымы;
Кумаров Б.С. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин төрайымынын орун басары;
Туркменов У.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, уюштуруу комитетинин төрайымынын орун басары.
Сарбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министри (макулдашуу боюнча);
Байгуттиев Ж.С. - Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри;
Нишанов А.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Мусаев А.И. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Каганер М.В. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Давлеткельдиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Шопоков Ж.А. - Чүй районунун мамлекеттик администрация башчысы;
Жумабаев Р.А. - Ж.Бакиев атындагы фонддун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Плоских В.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Абдыкалыков А.А. - Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректору, техника илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);
Кайыпов С.Т. - "Манас" кыргыз-түрк университетинин ректору, профессор (макулдашуу боюнча);
Осмонов Б.С. - А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын директору (макулдашуу боюнча);
Байжиев М.Б. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
Конкобаев К.К. - ТЮРКСОЙ кыргыз бөлүмүнүн төрагасы (макулдашуу боюнча);
Иманкулов Д.Д. - Кыргыз реставрация илимий изилдөө институтунун директору, архитектура доктору (макулдашуу боюнча);
Бекташев Э.Б. - Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча план иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган иш-чараларды каржылоону 2010-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги 2011-2012-жылдарга пландаштырылган иш-чараларга инвентаризация жүргүзсүн жана аларды өткөрүүгө каражаттарды тиешелүү жылга республикалык бюджетти түзүүдө карасын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигине жана Чүй облусунун мамлекеттик администрациясына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|