Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 18-марты № 87-б
"Манас" эпосун ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизүүгө байланышкан маселелерди изилдөө жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Наргозуев Б.Н. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Рахимдинова Ж.Т. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Мусаев А.И. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Нишанов А.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Конгантиев К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Сыдыков Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директорунун орун басары;
Алыбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын юридикалык кызматынын укуктук экспертиза секторунун эксперти (макулдашуу боюнча);
Кадырбеков Н.К. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын Басма сөз кызматынын маалыматтык коштоо тобунун эксперти (макулдашуу боюнча);
Шералиева Э. - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баалоо институтунун башкы эксперти (макулдашуу боюнча);
Плоских В.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Керим Н.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын Катчылыгынын аткаруучу катчысы (макулдашуу боюнча);
Сыдыкова З.Ш. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык-укук бөлүмүнүн адиси;
Акматалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Жунушалиев Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Раев С.А. - коомдук ишмер;
Казаков Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын атайын долбоорлорунун башкы редактору (макулдашуу боюнча);
Иманалиев К.К. - Кыргыз-Россия (Славян) университетинин проректору (макулдашуу боюнча);
Токтосунова А.И. - Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык академиясынын кафедра башчысы (макулдашуу боюнча);
Жакиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
Жакшылыков А.Ж. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
Какеев А.Ч. - философия илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);
Исаев К. - философия илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);
Койчуев Г. - экономика илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);
Абдразаков И. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Шаповалов В.И. - филология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык комиссия "Манас" эпосун ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизүүгө байланышкан сунуштарды бир жумалык мөөнөттө карап чыксын жана киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|