Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 19-марты № 90-б
Совет бийлигин орнотуу боюнча чыгаан ишмер У.Салиеванын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Бакиров М.С. - мамлекеттик администрация башчысы - Ош облусунун губернатору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директо-
ру.
Исанова М.Н. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Жамалдинов З.И. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Нишанов А.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Мусаев А.И. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Түлеев Н.Т. - Бишкек шаарынын мэри;
Махаммадов А.М. - мамлекеттик администрация башчысы – Ноокат районунун акими;
Орозбай кызы Кайыргүл - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Жоробекова Ш.Ж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президенти (макулдашуу боюнча);
Нуркамилова З.Н. - У.Салиева атындагы кайрымдуулук фондусунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Садыков С.М. - "Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору (макулдашуу боюнча);
Молдокасымов К.С. - "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору - директор (макулдашуу боюнча);
Оторбаева А. - "Слово Кыргызстана. Плюс" гезитинин башкы редактору (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети:
- У.Салиеванын 100 жылдык юбилейин өткөрүү датасын аныктасын;
- юбилейлик иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын эки жумалык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды каржылоо тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|