Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 25-марты № 94-б
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы үчүн 2010-жылдын 27-марты жумуш күнү деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктарына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын агенттерине белгиленген тартипте 2010-жылдын 27-мартын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|