Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 2-апрели № 105-б
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги төмөнкү автомобиль жолдорунун төмөнкү участокторун балансына кабыл алсын:
- Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы 3 км узундуктагы Жаңы-Айыл-Өлөң-Булак жолу;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы 5,7 км узундуктагы Карамарт-Ак-Булак жолу;
- Талас облусунун Кара-Буура районундагы 0,5 км узундуктагы Чимкент айылына кире берген жол.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|