Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 2-апрели № 109-б
"Учур" мамлекеттик жаштар театрынын жамаатына, М.С.Щепкин атындагы театралдык окуу жайынын (Москва ш.) бүтүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын театралдык искусствосун андан ары өнүктүрүү максатында:
1. "Учур" мамлекеттик жаштар театрынын 2009-жылы колдонулуучу кызматтык маяналары жана эмгек акы төлөө шарттары сакталсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|