Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 2-апрели № 110-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Буура райондук бөлүмүнүн материалдык базасын бекемдөө жана анын иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы менен бирдикте белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Буура райондук бөлүмүнүн жалпы аянты 245,20 кв.м, наркы 369950 сомду түзгөн, Талас облусу, Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Ленин көчөсү, 45 дарегинде жайгашкан имаратын "Кара-Буура" үрөн чарбасынын жалпы аянты 160,64 кв.м, наркы 734205 сомду түзгөн, Талас облусу, Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Ленин көчөсү, 43-а дарегинде жайгашкан имаратына алмашууну жүргүзсүн;
- жогоруда аталган объекттерди кабыл алууну-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын;
- имараттарды алмашууну тараптардын тиешелүү макулдашуусу менен тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы алмашып жаткан объекттердин бааларындагы айырманы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын атайын каражаттарынын эсебинен "Кара-Буура" үрөн чарбасына тындырып берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|