Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 12-февралы № 41-б
2010-жылдын биринчи жарым жылы үчүн Кыргыз Республикасынын капкына жаратылыш газын сатууга байланыштуу "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун тарифтик дефицитин тындыруу жана жаратылыш газы үчүн өз убагында эсептешүүлөрдү камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргызгаз" ачык акциопердик коомуна 143 млн. сом өлчөмүндө бюджеттик ссуданы төмөнкүдөй шарттарда берсин:
- кредитти тындыруу мөөнөтү 2010-жылдын 11-октябрына чейин;
- проценттик ставкасы 0 процент;
- күрөө менен камсыздоосуз.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин Аткаруу кеңешине калк үчүн жаратылыш газын сатуунун тарифинин формуласын газга болгон дүйнөлүк бааны, валюта курсунун өзгөрүүлөрүн, ошондой эле алынган ссуданы тындырууну эске алуу менен бекитүү сунуш кылынсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|