Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5 -февралындагы № З0-б буйругу менен бекитилген |
1. Бул Жобо Администрациялык реформа боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) иш-аракеттеринин статусун жана тартибин аныктайт. Кеңеш консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Кеңеш өз ишине Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка нормативдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- администрациялык реформаны натыйжалуу жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
- ишке ашырылуучу администрациялык реформаларга бир бүтүндүктү жана системалуулукту берүү, мамлекеттик башкаруунун сапаттуу жана натыйжалуу системасын түзүүгө көмөк көрсөтүү.
4. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана администрациялык реформалар боюнча сунуштарды алдын ала талкуулоо;
- Кеңештин демилгеси боюнча түзүлгөн жумушчу топтордун иш-аракеттерин координациялоо жана контролдоо;
- администрациялык реформаны ишке ашыруунун жүрүшүндө чыккан маселелерди кароо.
5. Кеңеш төмөнкүлергө укуктуу:
- иш үчүн зарыл болгон документтерди жана материалдарды аткаруу бийлик органдарынан белгиленген тартипте сурап алууга;
- коюлган милдеттерди аткаруу үчүн белгиленген тартипте көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартуу менен жумушчу топторду түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизүүгө;
- өзүнүн жыйындарында Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин угууга;
- администрациялык реформа маселелери боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизүүгө.
6. Кеңештин курамы жана саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат.
7. Кеңештин иш-аракеттерин жетектөөнү төрага, төрага жок учурда анын орун басары ишке ашырат.
Кеңештин төрагасы жыйындарда төрагалык кылат, Кеңеш кабыл алган чечимдерди ишке ашыруу үчүн жалпы контролду жүзөгө ашырат.
8. Кеңештин төрагасы бекиткен пландарга ылайык туруктуу негизде Кеңеш өзүнүн ишин жүргүзөт.
9. Кеңештин чечими Кеңештин жыйынына катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Кеңештин төрагасы жана катчысы кол койгон протокол менен таризделет.
10. Кеңештин ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформалар башкармалыгы камсыз кылат.