Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 2-марты № 66-б
Жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунун артыкчылыктуу багыттарынын бирин өнүктүрүү, ошондой эле лизинг компаниясын түзүү үчүн "Кыргыз республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун активдерин капиталдаштыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун активдерин капиталдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигине лизинг компаниясын түзүү үчүн 431 (торт жүз отуз бир) миллион сом суммасындагы каражат бөлсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|