Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 25-марты № 95-б
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 2010-жылдын республикалык бюджетинде каралган 9 390000 (тогуз миллион үч жүз токсон миң) сомду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансындагы эмес Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынын көчөлөрүнө жана Базар-Коргон районунун Кызылай айылындагы У.Сыдыков көчөсүнө асфальт-бетон каптоо үчүн пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вине-премьер-министри А.Ү.Жапаровго тапшырылсын.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|