Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 12-ноябры № 170-р
Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) 2010-жылдын 19-ноябрында болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизилүүчү төмөнкү документтердин тиркелген долбоорлору жактырылсын:
- Укуктук коргоо жана интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы кызматташуу жана Укуктук коргоо жана интеллектуалдык менчикти коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңеш түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Биргелешкен улуттук телемедициналык системаларды түзүүдө жана аларды андан ары өнүктүрүүдө жана пайдаланууда КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- 2011-2012-жылдарга КМШга катышуучу мамлекеттердин гуманитардык кызматташуусу чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу иш-чаралардын планы жөнүндөгү чечимдин долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 20 жылдыгына арналган Мамлекеттер аралык көргөзмөнү даярдоонун жүрүшү жөнүндөгү чечимдин долбоору;
- 2020-жылга чейинки мезгилде КМШга катышуучу мамлекеттердин энергоресурстарды чыгаруу жана керектөө божомолу жөнүндөгү чечимдин долбоору;
- КМШга катышуучу мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу концепциясы жөнүндөгү чечимдин долбоору;
- КМШга катышуучу мамлекеттердин эт-сүт продукциялары базарын түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн негизги багыттары жөнүндөгү чечимдин долбоору;
- 2015-жылга чейинки мезгилге КМШга катышуучу мамлекеттерде медициналык-социалдык жардамды андан ары өнүктүрүүнүн жана согуш ардагерлери - жергиликтүү жаңжалдардын катышуучуларынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоо-турмуш деңгээлин жогорулатуунун негизги багыттары жөнүндөгү чечимдин долбоору;
- 1993-жылдын 24-декабрындагы Мамлекеттик алымдардын өлчөмү жана түрдүү мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды кароодо аны өндүрүү тартиби жөнүндө макулдашууга Өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору жөнүндөгү чечимдин долбоору;
- КМШга катышуучу мамлекеттердин экономикасын өнүктүрүүнүн негизги максаттуу макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жөнүндөгү чечимдин долбоору;
- Россия илимдер академиясынын Бүткүл россиялык илимий жана техникалык маалымат институтуна илимий-техникалык маалыматтарды мамлекеттер аралык алмашуу боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин базалык уюмунун статусун берүү жөнүндөгү чечимдин долбоору;
- 2011-жылга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги органдарынын бирдиктүү бюджети жөнүндөгү чечимдин долбоору;
- 2011-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аба чабуулунан коргонуунун бириктирилген системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндөгү чечимдин долбоору.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |