Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 18-ноябры № 172-р
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 «Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле бийик тоодогу көлдүн жырылышынын айынан Нарын облусунун Кочкор районундагы Көл-Үкөк суусунун нугуна көп өлчөмдөгү суунун куюлушунун натыйжасында бузулган суу топтоочу курулмалардагы мамлекеттик суу чарба объекттерин, «Сол жээк» жана «Оң жээк Кайырма» каналдарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды каржылоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Нарын облусунун Кочкор районундагы мамлекеттик суу чарба объекттерин калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетине 8100000 (сегиз миллион жүз миң) сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети бузулган мамлекеттик суу чарба объекттерин калыбына келтирүүнү камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |