Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 18-ноябры № 175-р
Оор түшкөн кардан жабыр тарткан Нарын облусунун Нарын жана Ат-Башы райондорунун калкына гуманитардык жардам көрсөтүү жана аларды зарыл болгон өлчөмдө ун менен камсыз кылуу максатында, "Мамлекеттик материалдык резервдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, 13-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- мамлекеттик материалдык резервден 265 тонна азык-түлүк буудайын брондон чыгарсын жана ун кылып тартсын;
- брондон чыгарылган азык-түлүк буудайын 2010-жылга каралган өздүк атайын каражаттардын эсебинен ун кылып тартууну уюштурсун жана Нарын облусунун мамлекеттик администрациясына гуманитардык жардам катары берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын берген наряддарына ылайык Нарын облусунун райондоруна унду жеткирүүнү белгиленген тартипте уюштурсун;
- унду арналган жерине чейин жеткирүү менен байланышкан транспорттук чыгымдарды төлөөнү 2010-жылга бекитилген бюджеттин чегинде жүргүзсүн.
3. Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы бөлүнгөн жардамды облустун мамлекеттик администрациянын комиссиясы тактаган табигый кырсыктан жабыр тарткан адамдардын тизмеси боюнча акысыз негизде даректүү тапшырууну камсыз кылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |