Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 22-ноябры № 181-р
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунда айыл чарба жерлерин өз алдынча басып алуу менен байланышкан маселелерди иликтөө боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Костюк А.В.
| - Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри, Комиссиянын төрагасы;
|
Шаимбетов Ж.А.
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өзгөчө кырдаалдар жана курулуш маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
|
Нарбаев К.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору;
|
Шыкмаматов А.Н.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
|
Мамбеталиева Ж.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Үсөнов Ф.У.
| - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары - Ош облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги;
|
Дүйшөмбиев А.О.
| - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары;
|
Рустамов А.А.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
|
Исаков Т.Б.
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкы санитардык врачынын орун басары, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директору;
|
Тезекбаев К.Т.
| - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Сабиров Т.Н.
| - Ош шаарынын биринчи вице-мэри;
|
Жолдошев С.Т.
| - Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары. |
2. Комиссия түзүлгөн кырдаалды жерине баруу менен иликтесин жана аны чечүү боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттө киргизсин.
3. Комиссияга мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызматкерлерин ишке тартууга, ошондой эле алардан зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисине жүктөлсүн.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |