Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 6-майындагы № 164-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 30-ноябры № 187-р
(КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-майындагы № 168-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн коомдук уюмдардан төмөнкү тизмеси бекитилсин:
Касымова Валентина Махмутовна - Кыргыз Республикасынын Энергетиктер ассоциациясынын энергетиканы стратегиялык пландоо жана божомолдоо боюнча эксперт-аналитиги;
Кравцов Николай Лукьянович - "ЮСТИН" керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы;
Карасартова Рита Рахмановна - "Ачык-айкын бюджет үчүн" Альянс" юридикалык жактар бирикмесинин финансылык эксперти;
Акбагышева Замира Акбагышевна - Кыргыз Республикасынын Аялдар ассоциациясынын президенти;
Кыдырбаев Улук Асанкарыевич - "Бишкек Ишкер клубу" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору;
Абдрасулова Нурзат Аскарбековна - "ЮНИСОН" коомдук фондунун директору.
Горев Виктор Тимофеевич - "Кыргыз Транс Контроль" керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук бирикмесинин директору;
Молдогазиева Калия Сартбаевна - "Древо Жизни" адамзатты өнүктүрүү борборунун директору.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |