Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 1-декабры № 190-р
Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2010-жылдын 10-декабрында болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизилүүчү документтердин тиркелген долбоорлору жактырылсын:
- Эркин соода зонасы жөнүндө келишимдин долбоорун даярдоонун жүрүшү жөнүндө чечимдин долбоору;
- 2020-жылга чейинки мезгилге Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Эл аралык жаштар кызматташтыгынын стратегиясы жөнүндө чечимдин долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2011-жылды Азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу жылы деп жарыялоо жөнүндө чечимдин долбоору;
- ЕККУнун алкагында КМШга катышуучу мамлекеттердин өз ара байланышы жөнүндө чечимдин долбоору;
- 2015-жылга чейин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Аскердик кызматташуу концепциясы жөнүндө чечимдин долбоору;
- 2011-2015-жылдарга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Макулдашылган чек ара саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планы жөнүндө чечимдин долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишимдин долбоору;
- 2011-2013-жылдарга Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программасы жөнүндө чечимдин долбоору;
- 2011-2013-жылдарга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Терроризмге жана экстремизмдин башка күч колдонулуучу көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүдө кызматташуу программасы жөнүндө чечимдин долбоору;
- 2011-2013-жылдарга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө жана баңгиликке каршы аракеттенүүдө кызматташуу программасы жөнүндө чечимдин долбоору;
- 2011-2013-жылдарга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды сатууга каршы күрөшүүдө кызматташуу программасы жөнүндө чечимдин долбоору;
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоонун алкагындагы иш-чараларды Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттерде өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө чечимдин долбоору;
- 2004-жылдын 3-мартындагы Евразия экономикалык коомдоштугунун Сотунун функциясын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык Сотунун аткарышы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги менен Евразия экономикалык коомдоштугунун ортосундагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбоору жөнүндө чечимдин долбоору;
- 2007-жылдын 5-октябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Миграциялык органдарынын жетекчилеринин кеңешин түзүү жөнүндөгү макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу Протоколдун долбоору;
- 1993-жылдын 24-декабрындагы түрдүү мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик алымдын өлчөмү жана аны өндүрүү тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу чечимдин долбоору;
- Чернобыль АЭСиндеги авариянын 25 жылдыгына байланыштуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Кайрылуусу жөнүндө чечимдин долбоору.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |