Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 7-декабры № 193-р
Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта, ошондой эле республиканын чегинде аткарылуучу «А» жана «ПК» литери каттамдарын өз учурунда каржылоону камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигине 25000000 (жыйырма беш миллион) сом бөлүп берсин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнөр жай, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |