Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 8-декабры № 198-р
«Центера Голд Инк» компаниясынын акцияларынын - Кыргыз Республикасынын активдеринин сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздоо боюнча маселени ар тараптуу жана калыс кароо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн соттордогу өкүлчүлүк секторунун башчысы.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө «Центера Голд Инк» компаниясынын Кыргыз Республикасына таандык акцияларынын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздоо боюнча макулдашылган сунушту киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга министрликтердин, администрациялык ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз каранды эмес эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тапшырылсын.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |