Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 8-декабры № 199-р
«Кыргызгаз» ачык акционердик коомунун (мындан ары - «Кыргызгаз» ААК) кайтаруу зонасында жайгашкан өз алдынча басып алынган жер участкаларына карата кырдаалды иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда Комиссия түзүлсүн:
Дүйшөмбиев Акылбек Осмонович | - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары, Комиссиянын төрагасы;
|
Маматов Нурланбек Жороевич | - Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
|
Байгончоков Мирланбек Конушбекович
| - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Турганбаев Мелис Токтомамбетович
| - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
|
Боронов Кубатбек Айылчиевич
| - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
|
Бакиров Сүйөркул Керимкулович
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы; |
Иванов Виктор Геннадьевич
| - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Нарбаев Каныбек Жайчиевич
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору;
|
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
|
Дүйшөмбиев Бакытбек Осмонович
| - Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
|
Сабиров Таалай Нурдинович
| - Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
|
Осмонкулов Ашимбек Бакбергенович | - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Закиров Таалайбек Мамаевич | - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Кулмурзаев Тургунбек Насипович | - «Кыргызгаз» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |
2. Комиссия Бишкек жана Ош шаарларынын, Чүй жана Ош облустарынын аймагында жайгашкан «Кыргызгаз» ААКынын кайтаруу зонасына уруксат документтери жок курулган ар кандай түрдөгү объекттердин (турак үйлөр, чарбалык курулуштар) айланасында болуп жаткан кырдаалды ар тараптуу иликтеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2010-жылдын 20-декабрына карата белгиленген тартипте сунуштарды киргизсин.
3. Мамлекеттик органдар Комиссиянын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |