Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 8-декабры № 202-р
2007-2008-жылдарда сактоого коюлган, мамлекеттик резервде сактоодо турган аштык буудайдын бузулушун болтурбоо жана анын өз убагында кайра берилишин камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду сактоо мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 3596 тонна аштык буудайды убактылуу алып туруу тартибинде мамлекеттик резервден чыгарсын.
2. Жооптуу сактоочу - аштык буудайды убактылуу алуучу «Талас-Дан-Азык» ачык акционердик коому 2010-жылдын түшүмүнөн алынган, ГОСТ 9353-90 «Буудай. Камдоодогу жана жабдуу-берүүдөгү талаптарга» жооп берген, 3-класстан төмөн эмес, клейковинасы 23 проценттен кем эмес аштык буудайды карызга алып туруу келишимине кол коюлган күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик резервге сактоого койсун.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна тапшырылсын.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |