Редакцияот 08.12.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 8-декабры № 203-р

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 6-февралындагы Мыйзамы менен ратификацияланган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Канада Өкмөтүнүн ортосундагы Биологиялык коргоо жана биологиялык коопсуздук жаатындагы кызматташтык жөнүндө 2008-жылдын 22-августундагы макулдашууну ишке ашыруунун алкагында:

1. Канада Өкмөтүнүн грантынын эсебинен тургузулуп жаткан, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 1 «а» дареги боюнча жайгашкан объектти биокоопсуздуктун үчүнчү класстагы лабораториясын долбоорлоо жана куруу Канаданын «Smith Саrter» архитектуралык-инженердик компаниясы иштеп чыккан чечимдерди эске алуу менен эксперименталдык долбоор деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги долбоорлоо документтерин Кыргыз Республикасынын шарттарына ыңгайлаштыруу боюнча чараларды көрсүн, курулуш процессин «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына так ылайык жүргүзүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2011-жылдагы республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу капиталдык курулуш объекттеринин тизмесин түзгөндө объекткебиокоопсуздуктун үчүнчү класстагы лабораториясына тышкы инженердик тармактарды куруу үчүн 21034000 (жыйырма бир миллион отуз төрт миң) сомду белгиленген тартипте карасын.

4. А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө институту:

- биологиялык лабораториянын долбоордук документтерин ыңгайлаштыруу жана аны куруу боюнча Кыргыз Республикасы тараптан заказ берүүчү болсун;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги менен бирдикте курулуш аянтын даярдоону бир айлык мөөнөттө камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясы биокоопсуздук лабораториясын жана инженердик коммуникациялардын курулмаларын курууну натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон лицензияларды, уруксат берүүлөрдү, макулдашууларды, бажылык уруксат берүүлөрдү жана башка документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү берүүнү камсыз кылышсын.

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.

 

             Президент

Кыргызской Республики

 

Р.Отунбаева