Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 13-декабры № 206-р
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун архивинин жана музейинин иштеши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 11 «Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик алминистрациялык имараттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун архивин жана музейин жайгаштырууга №1 Мамлекеттик резиденциянын жабык сүзүүчү бассейининин Ч.Т.Айтматовдун Эл аралык коомдук фондуна биринчи кабатындагы аянты 94,6 кв.м жайды жана экинчи кабатындагы аянты 60,83 кв.м жайды, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө менен акысыз пайдалануу шартында бекитип берсин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |