Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 15-декабры № 207-р
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 130-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айылдык округунун Таш-Тумшук айылынын тургундарынын сатылуучу үйлөрүн сатып алууга Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 112 «Ош жана Жалал-Абад шаарларында калыбына келтирүү жумуштарын каржылоого булактарды табуу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык Ош жана Жалал-Абад облусунун шаарларын калыбына келтирүү үчүн каралган Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын өздөштүрүлбөгөн каражаттарынын эсебинен Баткен облусунун мамлекеттик администрациясына 10000000 (он миллион) сом бөлүп берсин.
- «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунушту белгиленген тартипте киргизсин.».
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |