КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 16-декабры № 208-р
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ишин техникалык камсыздоо максатында:
1. «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен бир автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
2. Автомашинаны сатып алуу «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлсүн.
3. «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасы белгиленген тартипте сатып алынган автомашинаны кызматтык максатта пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |