Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 17-декабры № 219-р
Мамлекеттик резервге күйүүчү-майлоочу материалдарды топтоо, сактоо, берүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу боюнча Түштүк борборунун балансында турган, 10000 куб.м чейин көлөмдөгү, Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылында жайгашкан резервуарларды мамлекеттик материалдык резервдин күйүүчү-майлоочу материалдарынын запастарын сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун биринчи суроосу боюнча берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду резервуарларды пайдаланган убакта Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу боюнча Түштүк борборунун резервуардык паркты, темир жолдорду кармоого, күйүүчү-майлоочу материалдарды кабыл алууга, сактоого жана берүүгө байланышкан иш жүзүндөгү чыгымдарын салыктарды жана мыйзамга ылайык башка милдеттүү төлөмдөрдү эске алуу менен төлөп берсин жана алардын суммасы алынган отундун көлөмүнүн баасынын 0,5 процентинен ашпоого тийиш.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |