Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 29-декабры № 223-б
Шаар курулуш жана архитектура эстелигин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фондун сактоо максатында:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын имаратынын чатырына капиталдык ремонт жүргүзүү үчүн төмөнкүлөрдү ишке ашырсын:
- «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттин чыгымдарын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги үчүн 2010-жылы 5000000 (беш миллион) сом бөлүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин 2011-жылга чыгашалар сметасында 7000000 (жети миллион) сом караштырсын;
- «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |