Редакцияот 29.12.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 29-декабры № 224-б

Кыргыз Республикасында музыкалык билим берүүнү өнүктүрүү үчүн оптималдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- 2010 - жылы Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине Кыргыз улуттук консерваториясынын окуу корпусун капиталдык ремонттоо үчүн республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча сарптоолорун кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен 10 000 000 (он миллион) сом бөлсүн;

- 2011 - жылы Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин бюджетине 15 000 000 (он беш миллион) сом караштырсын;

- «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды белгиленген тартипте берсин.

 

             Президент

Кыргызской Республики

 

Р.Отунбаева