Редакцияот 18.07.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 18-июлу № 392-б

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине ылайык:

1. Бишкек шаары, П.Лумумба көчөсү, 106 "А" дареги боюнча жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин мөөнөтсүз пайдалануусунда турган 0,98 га аянттагы жер участогу, ушул жер участогунда курулган 12 турак үйдү (24 квартираны) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары кийин менчикке тариздеп алуусу үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов