Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУГУ
2009-жылдын 18-июлу № 394-б
«РСК Банк» ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетнн натыйжалуу башкаруу, ошондой эле чакан жана орто бизнести кредиттөө үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөрдүн ресурстарынын и деңгээлин колдоо жана жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:
- мыйзамдарда белгиленген тартипте 400,0 млн. (төрт жүз миллион) сом суммасына "РСК Банк" ачык акционердик коомунун уставдык капиталынын көбөйүшүн ишке ашырсын;
- жыл сайын «РСК Банк» ачык акционердик коомунун пайдасынан 75 пайыздан кем эмесин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине дивиденд катары которсун.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- уставдык капиталын көбөйтүү үчүн "РСК Банк" ачык акционердик коомуна 400, 0 млн. (төрт жүз миллион) сом издеп тапсын жана бөлсүн;
- «Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган тиешелүү мыизам долбоорун киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын котролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |