Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 25-июлу № 405-б
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларынын социалдык жана тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине атайын каражаттардын эсебинен аскер кызматчылары үчүн 30 турак жай квартираларын (үйлөрдү) сатып алууга уруксат берилсин.
2. Турак жай квартираларын (үйлөрдү) сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашьфылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жогоруда аталган акча каражаттарын багыты боюнча пайдалангандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчет берсин.
4. Бул буйруктун аткарьшышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |