Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУГУ
2009-жылдын 27-июлу № 407-б
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына өз учурунда даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү камсыз кылуу максатында:
1 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- республикалык бюджеттен 4 900 ООО (төрт миллион тогуз жүз миң) сом суммасында зарыл болгон кошумча финансылык каражаттарды тапсын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн бөлүп берсин;
- «Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы белгиленген тартипте:
- Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясын өткөрүүгө өз учурунда даярдык көрүүнү камсыз кылсын;
- товарларды жана кызматтарды сатып алууларды «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен жүргүзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрилигне жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |