Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 29-июлу № 409-б
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин эске алуу менен катуу отундун (көмүр) сезондук запастарын түзүү үчүн бюджеттик уюмдарга бөлүнүүчү мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана кыргыз көмүрүн пайдалануунун көлөмдөрүн көбөйтүү максатында, 2009/2010-жылдын күзгү-кышкы мезгилинен чыгууга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын даярдоо мезгилине убактылуу иш-чара катары:
1. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын бюджеттик каржылоонун эсебинен бюджеттик уюмдар үчүн катуу отунду (кыргыз көмүрүн) берүүчүлөрдү аныктоо боюнча тендердик комиссиялары Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу ишканаларын, алардын бюджетке жана Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна өткөн 2008/2009-жылдын жылытуу мезгилинде түзүлгөн карызы болсо тендерлерге катышууга жол берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги талаптагыдай түрдө таризделген берүү келишимдери берилген шартта 2009/2010-жылдын учурдагы жылытуу мезгилине көмүр даярдоо үчүн 2009-жылдын августунда жана сентябрында бюджеттик уюмдарга 20 млн. сомдон аванс берүүнү алдын ала караштырсын.
3. "Электр станциялары" ачык акционердик коому жана "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы өткөн жылытуу мезгилинде берилген көмүр үчүн Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу ишканаларына болгон карыздарын 2009-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө жойсун.
4. Көмүр казуучу ишканалар берилген көмүрдүн талаптагыдай сапатын жана аны берүүнүн мөөнөттөрүн бюджеттик уюмдар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык камсыз кылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |