Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-июлу № 414-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин аскер кызматчыларынын социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында, Баткен шаарынын мэриясынын 2007-жылдын 15-августундагы № 8-405 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгына "Элита" кичи районундагы, И.Жусупов көчөсүндөгү номери жок жер участогун кызматтык квартираларды куруу үчүн берүү жөнүндө" токтомун эске алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине Баткен шаары, "Элита" кичи району, И.Жусупов көчөсү, номери жок дарек боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин атайын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчылары үчүн ар бири бир бөлмөлүү төрт квартирадан турган бир кабаттуу төрт кызмат үйүн курууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн турак үйлөрдү долбоорлоону жана курууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик турак үйлөрдү долбоорлоого жана курууга байланыштуу маселелерди чечүүдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине көмөк көрсөтсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |