Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-июлу № 415-б
Жеке ишкерлер үчүн милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча тарифтик ставкаларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - жумушчу комиссия) түзүлсүн:
Таткулов Т.Ж. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары, жумушчу комиссиянын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Миңбаева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары, жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары.
Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:
Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Казакбаев Р.А. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин статс-катчысы;
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
Ишенкулов А.И. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттсык сактоо боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
Нарманбетов У.Ж. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкы директорунун орун басары;
Абжапаров Т.Ж. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кирешелер башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
Ибраимова Т.Ф. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кирешелер башкармалыгынын юридикалык жактар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
Баймурзаев М.А. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдар саясаты башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Айдаралиева Р.Ш. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Мыйзам иштери башкармалыгынын начальниги;
Семенова С.Ф. - Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын эмгекчилерди социалдык-экономикалык коргоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Хасанов Р.Ф. - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялык кеңешинин эксперти (макулдашуу боюнча);
Эллен Пейн - кеңеш берүү добушу менен Эл аралык финансылык корпорациясынын ишкерлер чөйрөсүнө көмөктөшүү боюнча долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Морозова Е.Е. - Улуттук бизнес-ассоциациялары альянсынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Асанов С.Ж. - Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыдырбаев У.А. - Бишкек Ишкерлер клубунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Понамарев С.В. - Кыргызстандын рыноктор, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Ким Т.М. - Салык консультанттар палатасынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сыдыгалиева А. - кеңеш берүү добушу менен бизнес чөйрөнү жакшыртуу боюнча ЮСАИД долбоорунун салык боюнча адиси (макулдашуу боюнча);
Ахметова Н. - кеңеш берүү добушу менен "Прагма" долбоорунун адиси (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу комиссия үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жеке ишкерлер үчүн милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырууга карата тарифтик ставкаларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна ушул жумушчу комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоону камсыз кылуу сунушталсын.
4. Жумушчу комиссия белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тиешелүү адистерин өзүнүн ишине тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |