Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 31-июлу № 418-б
Кризиске каршы таасирдүү иш-чараларды иштеп чыгуу максатында:
1. Эксперттик топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Эксперттик топ 2009-жылдын 4-7-августунда бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен "тегерек стол" өткөрсүн.
3. Эксперттик топтун жетекчиси мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тиешелүү адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Эксперттик топтун уюштуруучулук, методикалык жана башка иштерин камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
5. Эксперттик топтун ишине байланышкан чыгымдарды жабууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 200000 (эки жүз миң) сом бөлүнсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 31-июлундагы № 418-б буйругуна тиркеме |
Бабанов Ө.Т. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, топтун жетекчиси;
Ташбаев У.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы, топтун жетекчисинин орун басары.
Эксперттик топтун мүчөлөрү:
Мокенов А.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
Маматов К.А. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;
Кадырбеков К.А. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси;
Красников А.А. - көз карандысыз аудитор, салык консультанты (макулдашуу боюнча);
Кыдыралиев У.К. - Кыргызстандын Ишкерлер союзунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
Аширкулов А.А. - эл аралык ишкерлер кеңешинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Садыков А.А. - "Кыргызстандын директорлор гильдиясы" өнөр жай иш берүүчүлөр федерациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Асанов С.Ж. - "Легпром" жеңил өнөр жай ишканалары ассоциациясынын өкүлү.
Эксперттик топтун катчылыгы:
Новиков А.Э. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жөнгө салуучу таасирди талдоо бөлүмүнүн эксперти;
Шаршеев А.О. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн эксперти, катчылыктын жетекчисинин орун басары;
Муканов К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн электрондук өкмөт системасын киргизүү секторунун эксперти;
Исакулов Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн агрардык өнүктүрүү секторунун референти.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 31-июлу № 418-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кризиске каршы таасирдүү иш-чараларды иштеп чыгуу максатында:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
5. Эксперттик топтун ишине байланышкан чыгымдарды жабууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 200000 (эки жүз миң) сом бөлүнсүн.
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министр
| И.Чудинов |