Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 5-августу № 425-б
Шабдан баатырдын туулган күнүнүн 170 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Абдуллаева У.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кумаров Б.С. - Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Исаков К. - "Шабдан Баатыр" фондунун директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Абдырасаков Б.Т. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Арсалиев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Койчубаков Н. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
Мусаев А.И. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Тюлеев Н.Т. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Жоробекова Ш.Ж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
Беделбаев А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Коомдук илимдер бөлүмүнүн окумуштуу катчысы;
Жуманалиев А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун бөлүм башчысы;
Айтбаев К.С. - Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким;
Султанбаева А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;
Абдылдабек кызы Жаңыл - Шабдан баатырдын тууганы (макулдашуу боюнча);
Кадыралиев Т. - жеке ишкер (макулдашуу боюнча);
Сагындыков А. - жеке ишкер (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети эки айлык мөөнөттө юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |