Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 6-августу № 426-б
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына белгиленген тартипте кызматтык максаттарга пайдалануу үчүн кызматтык автотранспорттун санынын белгиленген лимитинин чектеринде өздүк каражаттардын эсебинен автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
2. Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы автомашина сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомунун талаптарына ылайык жүргүзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |