Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 6-августу № 427-б
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 18 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 18 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги:
- Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чараларды өткөрсүн;
- Ош шаарында Ош шаарынын мэриясы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна төкмө акындардын айтышын өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чараларды уюштурууга 350 (үч жүз элүү) миң сом Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине бөлүп берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна "Көк Бөрү" жана спорттун башка улуттук түрлөрү боюнча мелдештерди өткөрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө 2009-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарды өз учурунда бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
6. Бишкек шаарынын мэриясы:
- "Ала-Тоо" борбор аянтында жана башка жерлерде шаар тургундарынын жана шаардын меймандарынын жалпы сейилдөөсүн уюштурсун;
- Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте Бишкек шаарынын эски аянтында өнөр жай товарларын, тамак-аш продуктуларын, айыл чарба продукциясын сатууну уюштурсун.
7. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чараларды уюштурушсун.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясына жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР - коомдук телеберүү" телерадио компаниясына Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган берүүлөрдүн циклин уюштуруу жана өткөрүлүүчү иш-чараларды чагылдыруу сунушталсын.
9. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жана билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-августундагы № 427-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Бишкек шаарынын мэри;
Ош шаарынын мэри;
Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР - коомдук телеберүү" телерадио компаниясынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 6-августу № 427-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 18 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү максатында:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чараларды уюштурууга 350 (үч жүз элүү) миң сом Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине бөлүп берилсин.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министр
| И.Чудинов |