Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 7-августу № 430-б
Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Курманжан Датканын 200 жылдык юбилейин өткөрүүнүн чегинде:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Курманжан Датка жөнүндө документтүү фильмди тартуу жана көркөм фильмди тартууга даярдык иштери үчүн 2500,0 (эки миллион беш жүз миң) сомду издеп тапсын жана Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна белгиленген тартипте киргизилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |