Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 8-августу № 432-б
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сот экспертиза борбору (мындан ары - Борбор) төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте өткөрүп берсин:
- Борбордун Ош региондук филиалына 1993-жылы чыккан, кузов № 3104208, кыймылдаткыч № 2458941 "ВАЗ-21063" маркасындагы автомашинаны;
- Борбордун Балыкчы облустар аралык филиалына 1994-жылы чыккан, кузов № 480132, кыймылдаткыч № 359408 "Дайво - Райсер" маркасындагы автомашинаны.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сот экспертиза борборуна "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын эсебинен бир автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
3. Автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана жергиликтүү сотторунда, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинде кызматтык жеңил, атайын жана дежур автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 591 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |