Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 10-августу № 433-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-июлундагы № 375-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"100000 (жүз миң) сом бөлүп берүү 2009-жылы жүргүзүлсүн.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-декабрындагы № 698-б буйругу төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын тейлөөчү автомашиналарга запастык бөлүктөрдү сатып алууга жана аларды оңдоого Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Автотранспорт бирикмесине 350000 (үч жүз элүү миң) сом бөлүнсүн.
2. Бул буйрук 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы № 707-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Бул буйрук 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.".
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттен ушул буйруктун 1-3-пункттарында аталган буйруктарда каралган финансылык каражаттарды бөлсүн жана "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган тиешелүү мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |