Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 11-августу № 435-б
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун бланктарын жана MLIS^TM пленкаларын жасоого жана берүүгө жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун бланктарын персоналдаштырууга 2007-жылдын 21-декабрындагы контрактты каржылоо келишимине Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу кошумча макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин директоруна Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун бланктарын жана MLIS^TM пленкаларын жасоого жана берүүгө жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун бланктарын персоналдаштырууга 2007-жылдын 21-декабрындагы контрактты каржылоо келишимине Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. 2009-жылдын 15-августунан тартып Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун бланктары үчүн элден алынчу төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин алыш-бериш эсептерине улуттук валюта (сом) менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөгөн күндөгү ЕВРОго карата расмий курсу боюнча, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун 1 бланкы үчүн 3,52 евро эсебинде төгүлөөрү жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун бланктарын кийинки сатып алууга жана персоналдаштырылган маалыматтардын топтолушун жана иштетилишин автоматташтырууну өнүктүрүүгө пайдаланылаары белгиленсин.
4. 2009-жылдын 15-августунан тартып Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун бланктарын персоналдаштыргандык үчүн элден алынчу төлөмдөр "Интел-Линкс" ЖчКнын алыш-бериш эсептерине улуттук валюта (сом) менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөгөн күндөгү ЕВРОго карата расмий курсу боюнча, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун 1 бланкын персоналдаштыргандык үчүн 3,27 евро эсебинде төгүлөөрү белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети 2008-жылы алынып келген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун 300000 бланкын жана 300000 MLIS^TM пленкасын бажылык администрациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин тапшыруусу боюнча алуучу деп "Интел-Линкс" ЖчКны эсептесин жана 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин дарегине алынып келген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун 300000 бланкынын жана 300000 MLIS^TM пленкасынын жүккө бажылык декларациясынын маалыматтык базасына оңдоолорду киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети салыктык администрациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги 2008-жылы жана 2009-жылдын 1-мартына чейин алган Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун 300000 бланкын жана 300000 MLIS^TM пленкасын "Интел-Линкс" ЖчКга келгендер катары эсептесин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-майындагы № 211-б буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |