Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 12-августу № 437-б
Нан жана нан-токоч азыктарынын рыногун жөнгө салуу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте бир айлык мөөнөттө калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн жеткиликтүү баа боюнча сатыла турган нандын түрлөрүнүн тизмесин аныктасын.
2. Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институтуна бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн бышкан нандын массасынын аныкталган маанисин белгилөө боюнча нандын түрлөрүнүн улуттук стандарттарына өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик улуттук стандарттарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин эки жумалык мөөнөттө нандын социалдык мааниге ээ болгон түрлөрүн жасап чыгаруучулар жана сатуучулар үчүн баалардын чектик деңгээлин белгилесин.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги 2009-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 738 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы "Данды жана аны иштетүүдөн алынган продуктуларды экспертизалоо борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы "Данды жана аны иштетүүдөн алынган продуктуларды экспертизалоо борбору" мамлекеттик ишканасынын уставына сырьенун жана даяр продукциянын сапатына жана коопсуздугуна мониторинг жана экспертиза жүргүзүү, өндүрүш технологияларын сактоо, даяр продукциянын техникалык регламенттердин жана (же) стандарттардын талаптарына шайкештиги, нан чыгаруу рыногуна, нан, нан-токоч жана макарон азыктарына мониторинг жүргүзүү жана аларга баалардын түзүлүшү боюнча функциялар жагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун тиешелүү долбоорун киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги менен бирдикте "Нан, нан-токоч жана макарон азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти кабыл алуу жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 364 "2007-2009-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2007-2009-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасынын 1.3-пунктунун ишке ашырылышын тездетсин.
5. "Кыргыз аргоазык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомуна өздүк өндүрүштөгү ундан нан бышыруу боюнча цехтерди республиканын региондорунда түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталсын.
6. Мамлекеттик контролдоочу органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары өз компетенцияларынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен нан азыктары менен чекене соода жүргүзүү эрежелерин сактоону камсыз кылышсын.
7. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |