Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 14-августу № 443-б
Ысык-Көл облусунун Түп-Кеген автомобил жолун капиталдык оңдоо жана абалын жакшыртуу долбоорун ылдам ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Ысык-Көл облусунун Түп-Кеген автомобил жолун капиталдык оңдоо үчүн 200,0 (эки жүз) миллион сом бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:
- бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын;
- бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланышы жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине квартал сайын берип турсун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |