Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 14-августу № 444-б
Кыргыз Республикасынын транспорттук көзкарандысыздыгын камсыздоо жана Баткен облусунун облустук борбору Баткен шаары менен Кыштуут, Дара жана Төрт-Күл айыл округдарынын калктуу пункттарынын ортосундагы үзгүлтүксүз автотранспорттук байланышты уюштуруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:
- параллелдүү долбоордоо жана куруу режиминде Айгүлташ-Согмент-Сох-Кан-Зардалы жолу автомобил жолун курууну "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги үчүн каралган каражаттардын эсебинен жүргүзсүн, анын ичинде:
450 (төрт жүз элүү) миң сом - долбоордоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө, долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга жана автордук көзөмөлдү жүргүзүүгө;
15 (он беш) миллион сом - жогоруда аталган автомобил жолун долбоордук-сметалык документтерге ылайык курууга;
- аталган автомобил жолун куруу аяктагандан кийин оперативдүү башкаруу укугу менен баланска кабыл алсын жана аны андан ары кармоону камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдаганда, долбоордоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө, долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга, автордук көзөмөлдү жүргүзүүгө жана Айгүлташ-Согмент-Сох-Кан-Зардалы жолу автомобил жолун курууга максаттуу арналган 15450000 (он беш миллион төрт жүз элүү миң) сом өлчөмүндөгү каражатты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине кошумча карасын;
- 2010-жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзгөндө, Айгүлташ-Согмент-Сох-Кан-Зардалы жолу автомобил жолун курууну улантууга максаттуу арналган 15 (он беш) миллион сом карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик Айгүлташ-Согмент-Сох-Кан-Зардалы жолу автомобил жолун куруунун маанилүүлүгүн жана мөөнөттүн кыска экендигин эске алып, аталган автомобил жолун куруу менен байланышкан товарларды, жумушту жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну бир булактан сатып алуу методу менен жүргүзүүгө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине уруксат берсин.
4. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте жер участогун Айгүлташ-Согмент-Сох-Кан-Зардалы жолу автомобил жолун куруу үчүн бөлүп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы Айгүлташ-Согмент-Сох-Кан-Зардалы жолу автомобил жолун куруу долбоору боюнча тиешелүү корутундуларды белгиленген тартипте биринчи кезекте макулдашууну жүргүзүшсүн жана расмий кайрылуу келип түшкөн күндөн баштап он күндүн ичинде беришсин.
6. Курулуш иштеринин өз убагында аткарылышы жана курчап турган чөйрөнү коргоонун, коопсуздук техникасынын жана эмгекти коргоонун талаптарынын сакталышы жана жол кыймылынын коопсуздугунун камсыз кылынышы үчүн жоопкерчилик тиешелүү уюмдардын биринчи жетекчилерине жүктөлсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |