Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 12-августу № 29-р
Бюджеттен бөлүнгөн акчалардын натыйжалуу пайдаланылышын контролдоо максатында:
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-июнундагы № 497 тескемесине төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1500000 (бир миллион беш жүз миң) нускада арыздардын бланктарын даярдоодо басмаканалык кызмат көрсөткөн "Учкун" акционердик коомуна болгон кредитордук карызды жоюу үчүн "Эркин Тоо" гезитинин редакциясына Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунан 270,0 (эки жүз жетимиш) миң сом бөлүнсүн.";
- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондун 270,0 (эки жүз жетимиш) миң сомго көбөйтүүнү караган" деген сөздөр алып салынсын.
Президент
| Р.Отунбаева |