Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 1-октябры № 106-р
1. Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы карыз жөнүндө макулдашуунун (атайын операциялар) (ЦАРЭС региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча долбоорго толуктоо) тиркелген расмий тилдеги долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |