Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 1-октябры № 108-р
Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы көпүрөлөрдү, автомобиль жолдорунун участокторун жана темир жол полотносун калыбына келтирүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 230 жана 231-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги табигый кырсыктардын кесепетин алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсептен 22339200 (жыйырма эки миллион үч жүз отуз үч миң эки жүз) сом өлчөмүндөгү финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине төмөнкүдөй максатта бөлүп берсин:
- 7000000 (жети миллион) сом Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында автомобиль жолдорунун участкаларын жана жасалма курулмаларды калыбына келтирүү иштери үчүн;
- 15339200 (он беш миллион үч жүз отуз тогуз миң эки жүз) сом Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында темир жол полотносун жана жасалма курулмаларды калыбына келтирүү үчүн.
2. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында темир жол полотносун жана жасалма курулмаларды калыбына келтирүү боюнча иштердин аткаруучусу болуп «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы аныкталсын.
3. «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бир булактан алуу ыкмасында, келишим түзүү жолу менен, анын ичинде ушул тескеменин 1-пунктунун 3-абзацында аталган калыбына келтирүү иштери үчүн келишимдерди түзүү менен «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын муктаждыктары үчүн гана темир жол полотнолорун куруу, оңдоо жана тейлөө боюнча жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүштүк максатта жүргүзүүгө «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын «Көпүрө куруу отряды» мамлекеттик ишканасына уруксат берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын ушул тескемеге ылайык максаттуу пайдаланылышын камсыз кылышсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнөр жай, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |