Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 7-октябры № 113-р
Москва шаарында (Россия Федерациясы) болуучу ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлдөр комиссиясынын 67-заседаниесине (2010-жылдын 12-13-октябрында) жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин 51-заседаниесине (2010-жылдын 14-октябрында) катышуу, ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Н.Волкердин катышуусунда ЕврАзЭСтин алдындагы Комиссиянын өкүлдөрү, ЕврАзЭСтин Секретариатынын жетекчилиги, Борбордук Азия регионунун калдык сактагычтарындагы коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен консультацияларды өткөрүү (2010-жылдын 12-13-октябрында) үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Мамбетов Базарбай Эстебесович(*)
| - Кыргыз Республикасынын КМШ жана ЕврАзЭС иштери боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри рангасындагы өкүлү, делегациянын жетекчиси;
|
Чиналиев Улугбек Кожомжарович(*)
| - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү;
|
Усупов Үсөн Макаевич(**)
| - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу(***);
|
Дооталиев Улан Тимурович(**)
| - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана экспертизало бөлүмүнүн эксперти;
|
Көчкөнов Казыбек Маматкасымович(**)
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин биринчи катчысы;
|
Букалаев Алмаз(**)
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин атташеси;
|
Алканов Райкан Алканович
| - «ЕврАзЭС - Кыргызстан ишкер кеңеши» ассоциациясынын башкармасынын төрагасы;
|
Кенжекулова Замира Сыдыковна | - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин атташеси. |
2. Делегация мүчөлөрүнүн аталган заседаниелерге катышуусу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
(*) ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин заседаниесине катышуу (командировка мөөнөтү 2010-жылдын 13-15-октябры).
(**) ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлдөр комиссиясынын заседаниелерине, ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин заседаниесине катышуу (командировка мөөнөтү 2010-жылдын 11-15-октябры).
(***) Бишкек-Москва-Бишкек учуп барып келүүсү жана 2010-жылдын 12-13-октябрында Москва шаарында жашоосу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |